Баткенде жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алып, 18 жаштагы жоокер каза болду

Баткенде ок атуучу куралга этиятсыз мамиле жасагандыктан жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган. Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин 2002-жылы туулган катардагы жоокери кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган. 2003-жылы туулган жарадар болгон катардагы жоокер дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскерлердин жоокери «АКСУ» ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойноп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чогуу кызмат өтөгөн ички аскерлердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.