Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аялы ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
31-декабрь күнү түнкү саат 00:46 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну денесинен жараат алып түшкөндүгү боюнча кабарланган. Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Сурак учурунда жабырлануучунун 32 жаштагы күйөөсү 30-декабрь күнү аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткендигин билдирген.
Учурда аялдын абалы туруктуу орто, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө өзүнө-өзү кол салгандыгын, эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген. Азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.