Баткенде жүргөн селдин кесепеттери сүрөттөрдө

Баткен облусунун Лейлек районунда 19-июль күнү саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 52 турак үй короолоруна, анын ичинен 25 турак үйдүн ичине, 1 бала-бакчанын, 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 подстанциянын кароолканасына суу кирген. Ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. 2 даана мамычаны агызган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткенде жүргөн селдин кесепеттерин сүрөттөр менен чагылдырат.