Кара-Булак айыл башчысынын берген маалыматына ылайык, мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Кара-Булак айыл аймагындагы Узун-Кол жана Айгүл-Таш сайларынан келген сел суулары айылдын ички чарбалык жолдоруна, турак үйлөрдүн короолоруна кирген. Алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Бөжөй айылындагы тоо жылгалардан түшкөн сел суулары, айрым турак үйлөрдүн короосуна кирип, ички жолдун 50 метр аралыгында кум, шагылга толуп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
23-декабрда болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирде мурдагы жолдошу аялын атып салганы тууралуу билдирүү...











