Баткенде капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мамлекетке 12 миллион сом зыян келтиришкен

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 12 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 миллион 480 миң 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которушуп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкендиги такталды.

«Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен облустук медиа борборунун административдик имараты үчүн — 11 миллион 414 миң 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн  — 1 миллион 65 миң 212 сом негизсиз которулган. Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, тергөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.