Баткен шаарында жайгашкан май заводун жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталып, аталган уюм өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын моюнга алып, ыктыярдуу түрдө заводду мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «кылмыштардын бирдиктүү реестри» маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында моюнга алышкан.