Мурда соттолгон жаран кайрадан социалдык тармакта Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун материалдарын таратканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Таркатылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып анын корутундусунда коомго таркатылган материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болгон.
Шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, шектүү 2019-жылы Кылмыш жаза кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо таратуу фактысы) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган.