Баткен шаарынын «Базар-Башы» кварталында жайгашкан, аянты 0,77 га мурда «Баткен-Транс» муниципалдык ишканасына таандык болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгыда объектинин ээси Т.А. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Баткен мэриясынын балансына жер тилкесин өткөрүп берди», — деп билдирет коопсуздук комитети.










