Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жатып, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын денесине жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Сереп Медиага ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ушул жылдын 24-январь күнү Мактым Кожонованын жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстыктагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул маалымат Баткен ШИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жансыз дене табылган соң, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ал жактан «киши колдуу болгон эмес» деген корутунду чыгарышты», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эмнеден каза болгону тууралуу суроого облустук милициянын басма сөз кызматы жооп бере алган жок. «Кыш эмес беле, балким тоңуп калгандыр«, -деген божомолун айтышты.
Мактым Кожонова үй-бүлөсү менен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жашачу. Ал 2020-жылдын 23-ноябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Аны табуу иштерине ӨКМден, милициядан кызматкерлер тартылып, туугандары, айылдаштары кошулуп, 200дөн ашык адам тартылган. Жансыз дене 2 айдан кийин табылган.










