Баткенде унаа уурдоого шектүү Бишкекте кармалды

Уурулукка шектелген 22 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну унаа оңдоочу жайында Honda Odyssey жана Launch аталышындагы диагностикалык аппаратын белгисиз жарандар 15-декабрь күнү түн ичинде уурдап кеткендигин билдирип, жабырлануучуга унаадан башка дагы 300 миң сомго жакын материалдык чыгым болгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан аныкталып, кармалып, Баткен шаарындагы тергөө абагына киргизилди.