Баткенде үй өрттөнүп, аял киши 3-даражадагы күйүк алды

Баткендеги өрттүн кесепетинен аял киши күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 14-октябрь күнү Кадамжай районунун Марказ айылындагы үйдүн 1 бөлмөсү өрттөнгөн. Үйдүн ээси 37 жаштагы келин 2 колу жана жүзү күйүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Өрттүн жалпы аянты 48 чарчы метрди түздү. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.