25-июнь күнү Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Такталган маалыматка ылайык, 3 бөлмөлүү үйдө (времянка) өрт чыгып, аянты 96 чарчы метрге чейин жеткен. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилекке каршы, үйдүн 2 бөлмөсү, үй ээсинин документтери менен кошо үй буюмдары өрттөнгөн. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.
Инстаграмдан шилтеме жиберип, аялдын 171 миң сомун алып койгон
Талас облусундагы Манас районун тургуну инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган. Манас РИИБдин...