Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке бөгөт коюу максатында иш алып барып жаткан мобилдүү топтор, жергиликтүү ыктыярчы жаштар менен бирге 10 күн аралыгында, чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысын аныктады. Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кармалган жүктөр негизинен жашылча жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүп берилди. УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор, азыркы учурда да Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алууда.









