Баткендеги каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-сентябрда саат 07:50 чамасында Кадамжай районундагы Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.











