Баткендеги мал базарда уурулукка айыпталган кишини мамыга байлап салышкан (видео)

Баткендеги мал базарда топтошкон жарандар эркек кишини уурулукка айыптап мамыга байлап салышкан. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда жарандардын байланган кишиден шеригин сурап жатканын көрүүгө болот.

Ал эми окуя боюнча Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы мал базарда акча уурдоого шектелген 2 жаран кармалганын билдирди.