Баткен облусундагы мал базардан акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июнда милицияга Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 34 жаштагы тургуну кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 6:30 чамасында Халмион айылындагы «Баяман-Баатыр» базарынын жанындагы мал базарда көтөрүп жүргөн сумкасынан белгисиз адамдар 144 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирип, арыз жазган.
Бул факты Кадамжай РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жана 29 жаштагы аттуу тургундары кармалып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган. Тергөө иштери уланууда.
