Баткендеги суу сактагычка чөгүп кеткен өспүрүмдү 100гө чукул адам издеп жатат

14-май күнү Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен жүрүп, 2 эркек өспүрүм чөгүп кеткен. 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү табылып, жакындарына өткөрүп берилген.

Ал эми экинчи жоголуп кеткен 2006-жылы туулган өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да улантылып, ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 19 куткаруучу, Баткен шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6, Баткен райондук бөлүмүнөн 17, кошумча күч катары Ош шаарынан 2 куткаруучу жана 2 суучул тартылган. Мындан тышкары Баткен шаардык Ички иштер бөлүмүнөн 4, Баткен райондук суу чарба кызматынан 32 кызматкер издөө иштерине тартылды. Жалпы 82 жаран издөө-куткаруу иштерин улантууда.