Батукаевдин иши боюнча Аида Салянованын соту 4-мартка жылдырылды

Бүгүн, 26-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соту 4-мартка жылдырылды. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы сот өтүп жаткан жерден билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн боло турчу соттук отурум дагы бир айыптоочунун жоктугунан 4-мартка саат 9:00гө жылдырылды.

2013-жылы Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарын облусунун соту бошотуп жиберишине ошол учурдагы башкы прокурор болуп иштеп турган Салянованын «айыккыс илдетке чалдыкты» деген чечими негиз болгон. Анда ал аталган кримтөбөлдүн бошотулушуна тиешеси жок экендигин айтып келген. Анын айтуусу боюнча, ал Батукаевди бошотушкандыгы тууралуу кримтөбөл Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин билген.

Ошондой эле бул иш боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагында, анын ичинде кримтөбөлгө лейкоз диагнозун коюшкан врачтар кармалышкан. Ал эми бошотуп жиберген нарындык сот тек гана ушул диагноздун негизинде кримтөбөлдү колониядан бошотууну чечкен. Медициналык корутунду жасалма болуп чыккан, бирок Батукаев Кыргызстандан Чеченстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Мындан улам бул окуя боюнча «коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып коюлган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан.

Учурда Свердлов райондук соту бул окуя боюнча дагы төрт кишинин ишин карап жатат. Алардын бири мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.