Батукаевдин иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карамак. Бирок Жогорку Соттон соттук отурум 17-январга жылганын билдиришти.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Атамбаевди 11 жылга, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 5 миллион сом, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди эки жылга эркинен ажыраткан, бирок анын камакта кармоо мөөнөтү аяктагандыгы боюнча сот залында камактан бошотулган. Академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага өкүм чыгарылган эмес. Ушул эле өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Кийинчерээк Жогорку Сот мурунку инстанциялардын бардык өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөткөн эле. Бирок бир аз убакыттан кийин Жогорку Сот бул иш боюнча өкүмдү кайра жандантты.