Базар-Коргондо 18 жаштагы жигит торпогун куткарам деп каза болду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

31-май күнү Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган тургуну айылдын ичин аралап агып өткөн каналга түшүп кеткен торпогун куткарам деп, өзү сууга чөгүп каза болуп калган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул окуя Базар-Коргон РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде шек жараткан жаракаттар байкалган эмес.

Каза болгон жигиттин жакындары эч кимге доосу жок экендигин айтышып, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.