Базар-Коргондо башкы балаты өрттөлдү

Базар-Коргон шаарынын борбордук аянтына тигилген балатыны өрттөп кетишти. Бул маалыматты калаа башчысы Ильяз Толонов ырастады.

Анын айтымында, бүгүн, 31-декабрда таңкы саат 05:00 чамасында өрт чыккан. Балатыдан алыс эмес жерде желим бөтөлкөдө бензин да табылган. «Базар-Коргон райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө таңкы 05:40 чамасында борбордук аянттагы балаты күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр көп узабай келип, балатынын күн батыш тарабындагы бөлүгүн өчүрүп калышкан. Эртең менен биз барып көргөнүбүздө, ал жерден желим бөтөлкөдө куюлган бензин табылды. Бул ишти кимдир-бирөөлөр атайлап жасашы мүмкүн. Орнотулган көзөмөл камералардан карайбыз, ошондо балаты өрттөгөндөр такталып калат деп ойлойбуз. Азыр калыбына келтирүү аракетин көрүп жатабыз», — деди ал.

Базар-Коргон районундагы балаты өткөн жылы да өрттөнүп кеткен болчу.