Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
19-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды. Аталган тоннель Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган. Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 сантиметрдт түзөт.
Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, Кыргыстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.