Беловодское айылындагы колонияга клейдин банкасына катып, гашиш өткөрүүгө аракет кылышты

24-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 колониясынын кызматкерлери тыюу салынган заттарды мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти. 

Беловодское айылындагы колонияда соттолгон кишиге берилүүчү пакетти кароо учурунда желим банканын ичине катылган жалпы салмагы 660 грамм болгон өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү заттар (болжол менен гашиш) табылган. Бул факты катталып, чогултулган материалдар кошумча изилдөө үчүн Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.