Беловодское айылындагы өрттөнүп кеткен мектеп авариялык абалда болгон
Кечээ, 7-июль күнү Чүй облусунун Беловодское айылындагы мектеп өрттөнгөнү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/chyidogy-belovodsk-aiylynda-mektep-orttonyp-jatat-video/">өрттөнгөнү тууралуу маалымдалган. Билим берүү министрлигинен аталган мектеп авариялык абалда болгондугун билдиришти.
Беловодское айылындагы Биринчи май мектеби 1927- жылы курулган. Анын эскилиги жеткендиктен 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен авариялык абалдагы мектеп катары жыйынтык чыгарылган. Аталган билим берүү мекемеси 2018-жылы айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берилген. Ошол жылдан бери балдар окубайт. Бүгүнкү күнгө чейин имарат бош турат, айыл өкмөттүн карамагында.
Өрттөн эч ким жабыр тарткан эмес.