«Бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз». Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Токтогул милициясы опузалап талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 8-январь күнү 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө өзүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштардагы жигит барып, эч себепсиз коркутуп, опузалап 5 миң сом акча талап кылып, “бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз” деп коркутуп кеткен. Андан кийин, 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил унаасында кетип бара жатканда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаада 31-декабрь күнү 5 миң сом опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, унаасына салып кетишкен. Алар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, “31-декабрда эмнеге 5000 сом акча бербедиӊ” деп оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп, денесине жараат келтиришкендигин билдирген.

Бул факты Токтогул РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 9-январь күнү жүргүзүлөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.