«Беш ай болду, бир да процесс болгон жок». Батукаевдин ишин кайра кароо дагы жылдырылды

«Башкы прокуратуранын прокурору Медер Абдышевдин Жогорку Сотто Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга келбегенине байланыштуу соттук отурум болбой калды. Беш ай болду, бул аралыкта бир да процесс болгон жок. Айыпталуучулар менен жактоочулар келип жатышат, ал эми судьялар менен прокурор кодекстин талабын көзөмөлдөбөй жатышат. Иш эки айда каралышы керек болчу». Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотуу боюнча кылмыш иши каралышы керек эле. Анда башкы фигуранттардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экени маалым. Анын жактоочулары бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнмөк.

2021-жылдын октябрь айында Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өтүнүчтү канааттандырган болчу.