«Бетине түкүрүп, үстүнө буту менен секирип». Бишкекте жигитти сабап жаткандагы видеосу тарады

Буга чейин милиция маалымат таратып, Бишкекте бейбаштыкка шектелген жигиттер кармалганын билдиришкен. Соцтармактарда жигитти сабап жатканда тартылган видео тарады.

Видеодон жигитти канжалатып сабап, бетине түкүрүп, үстүнө бут менен секирип жатканын көрүүгө болот. Аталган кылмыш ишине шектүү катары 2003 жана 2004-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Эскертүү! Видеону сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт! Этикага туура келбеген сөздөр бар!