Бишкекте бейбаштыкка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, 30-июлда түнкү саат 03:00 чамасында аны тааныштары эч себепсиз сабап салганын билдиришкен. Аталган факты РИИБге каттоого алынган.
Ал арада соцтармактарга жигитти сабап жаткандагы видео тарады. Кылмышка шектелип, 2003 жана 2004-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.