Бүгүн, 11-декабрь күнү саат 16:56 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Чокморов көчөсүндө беткапчан жана бычак менен куралданган адамдар менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Барган учурда окуя тастыкталган. Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлер Ford Focus үлгүсүндөгү унаада качып кеткендиги аныкталган. Алынган маалыматтар боюнча, алар акча алып кетишкен, жабыркагандар бар, келтирилген материалдык чыгымдын суммасы такталууда.
Азыркы учурда «Перехват» планы жарыяланып, борбордук милициянын өздүк курамына багыттамалар берилди. Шектүү адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.