Бейбаштыкка шектелип кармалган бийчи Жан Воинов 1 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.
Маалыматка караганда, ал 1-августка чейин камакта болот.
Буга чейин милиция маалымат таратып, 30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылганын, эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж., аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.