Бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды

Бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылганын, эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, бийчи Жан Воинов кармалган. Ал соттун чечими  менен 1 айга камакта калтырылган.