Бийликти басып алууга аракеттенгендер эки айга камалды. Арасында депутат бар

Бийликти курал менен басып алууга шектелген Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешев, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев 2 айга камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бакыт Жетигенов Жогорку Кеңештин депутаты, ал «Чүй ынтымагы» партиясынан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон. Андан кийин кайра талапкерлигин алып салган. Бекназар Купешев парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен бара жаткан. Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» уюмдарынын лидерлери.

Буга чейин УКМКнын тергөөчүсү БШКнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 3 талапкерин жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. УКМКдан шайлоо бүткөндөн кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштыргандар кармалганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, баш-аягы 15тен ашуун киши колго түшүрүлгөн, аларды Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана мурдагы чиновниктер башкарып турган.