Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

УКМК: «Шайлоо бүткөндөн кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштыргандар кармалды»

13:11 26.11.2021
0
УКМК: «Шайлоо бүткөндөн кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштыргандар кармалды»

Өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМК жана Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган. Бул боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

«Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.

Бул максатта кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн, 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган. Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында, 26-ноябрда УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңги заттары табылып алынды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды. Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

 

1 / 9
- +

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:54 27.04.2026
0

26-апрель күнү саат 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн...

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 25.04.2026
0

24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 25.04.2026
0

Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды....

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 21.04.2026
0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:42 18.04.2026
0

16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026
2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

09:00 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү