Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында депутаттыкка талапкер да бар экени белгилүү болду

Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен катышып жаткан талапкер Бекназар Купешов бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу анын агасы Деңиз Бекишев «Азаттыкка» кабарлады.

Анын айтымында, талапкер өз үйүнөн кармалган. «15 киши кармалды деген маалымат чыкпадыбы, ал ошонун катарында экен. Иним «Эл ынтымагы» партиясынын катарында болчу. Аны Бишкектин Тунгуч кичи районундагы үйүнөн кармашты. Жөнөкөй эле жүрчү, таксист болуп иштейт, өзүнүн деле үйү жок, батирде турат, ишкер деле эмес. Бирок өзүнүн «бийлик элди карабайт, жаштар көчөдө талаадабыз, жарымы мигрант болуп кетти» дегендей пикирлерин «Фейсбук» баракчасына жазчу», — деген ал.

Бүгүн УКМК маалымат таратып, шайлоо бүткөндөн кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштыргандар кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, баш-аягы 15тен ашуун киши колго түшүрүлгөн, аларды Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана мурдагы чиновниктер башкарып турган.