Бийликти күч менен басып алууга шектүүлөрдүн башында турган аял тууралуу эмне белгилүү?

УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалган. Негизги уюштуруучу катары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Н.Р.С. экендиги аныкталган.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, «Элдик Кеңеш» саясий партиясынын жетекчиси Нурматова Роза Сарлыковна. Роза Нурматова 2012-жылы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын штабын жетектегени маалымдалууда. Ал буга чейин өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн башчысы болуп да иштеген.

Ошондой эле, кармалгандардын арасында жарандык активист Гүлжигит Исаков да бар.