Бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалып, үй камагына чыгарылды

Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы менен спорт мектебинин директору кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Свердлов РИИБге Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келип түшкөн, анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран аталган мекеменин директору кызматына дайындалып жатканда жооптуу адамдарга Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун бергени аныкталган. Бирок алынган расмий маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн диплом С.К. наамына берилген эмес жана архивдик документтердин жана окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. шектүү катары аныкталып, кармалган. Анын сотто бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.Кармалган адам бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев.