Социалдык тармактын колдонуучулары Таластагы мушташтын видеосун жарыялап жатышат. Талас ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
13-ноябрь түнү саат 12:40 чамасында Талас шаарында жайгашкан «Алтын-Казык» соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция соода борборуна барган бир нече жаран урушуп кеткендиги аныкталган. Видеодогу 7 жаранды милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.
Аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Текшерүү учурунда алар тойдон чыккандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган. Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкендигин тастыктаган. Андан тышкары, 1998-жылы туулган Талас шаарынын тургуну окуяга байланыштуу травматология бөлүмүнө түшкөн. Бирок окуяга катышкан жарандардын баардыгы жана соода борборунун администрациясы арыз даттануудан баш тартышты. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 19-июнда Жалал-Абад шаарындагы Байзаков проспектисинде жайгашкан "Береке" базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө...
Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүүнү кармашты. 18-июнда "102" кызматына Бишкектин 7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү...
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын...
18-июнда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги 7-кичи райондогу үйлөрдүн алдында эркек киши бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу...
Социалдык тармактарда «1-класста окуган баланы 5,8 жана 9-класста окуган окуучулар зордуктап жүргөн» деген видео тараган. Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, аталган...