«Бир жигит ооруканада». Таласта тойдон чыккандар соода борбордо мушташты (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Таластагы мушташтын видеосун жарыялап жатышат. Талас ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

13-ноябрь түнү саат 12:40 чамасында Талас шаарында жайгашкан «Алтын-Казык» соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция соода борборуна барган бир нече жаран урушуп кеткендиги аныкталган. Видеодогу 7 жаранды милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Текшерүү учурунда алар тойдон чыккандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган. Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкендигин тастыктаган. Андан тышкары, 1998-жылы туулган Талас шаарынын тургуну окуяга байланыштуу травматология бөлүмүнө түшкөн. Бирок окуяга катышкан жарандардын баардыгы ​жана соода борборунун администрациясы ​арыз даттануудан баш тартышты. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.