Ысык-Ата районунда өмүргө коркунуч жараткан ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Жабырлануучунун бир көзү агып калганын Чүй ОИИБден билдиришти.
17-августта саат 21:00 чамасында Биринчи Май айылында жайгашкан көлмөдө эки жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Алардын бири экинчисин катуу сабап салып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 1967-жылы туулган жарандын денесинде жаракаттары көп экени, оң көзү агып калганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram