Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө аракет жасалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранды бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, денесине жараат келтирген. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары 2004-жылы туулган Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.