Баткен ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш ишин козгоп, 11-май күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы А.С. аттуу тургунун текшерген учурда анын жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, эксперттин корутундусуна ылайык, жалпы салмагы З граммды түзгөн «гашиш» түрүндөгү баңгизат каражаты экендиги аныкталган. Жогорудагы кылмыш ишти жаап, кыскартып салуу максатында кылмышка шектүү 62 жаштагы А.С. Баткен ОИИБдин кызматкерине акча сунуштаган. Бул билдирме Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштайт.