«Бир туугандардын балдары». Милиция жеткинчектерди мушташтырган видео боюнча үн катты

Кечээ, 28-июнь күнү соцтармактарга жашы жете элек кыз менен баланы мушташтырып, ажыраткандын ордуна аларды козутуп турган аялдардын видеосу тараган. Видеодон аял кызга «бетине чап», «бутуң менен муунт», «тил кайтарган кандай болорун билсин» деп үйрөтүп жатканын угууга болот. Эркек киши ажыратайын десе, «жезде, тийбеңиз» деп ага да жооп кайтарат. Видеонун аягында аял менен эркек киши мушташып кеткенин көрүүгө болот. Аталган окуя боюнча  СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден төмөнкүлөрдү билдиришти.

Кадамжай районунун Кожо айылындагы атасынын үйүнө 38 жаштагы келин 15 жаштагы уулу Марат (аты өзгөртүлдү) жана 8 жаштагы Канат (аты өзгөртүлдү) аттуу балдары менен төркүнүнө конокко келишкен. Ошол эле үйдө 38 жаштагы келиндин бир тууганы 31 жаштагы сиңдиси 9 жаштагы Мээрим (аты өзгөртүлдү) жана 8 жаштагы Сезим (аты өзгөртүлдү) кыздары менен жашап жүргөн. 10-июнда 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээрим экөө урушуп жаткан видео тартылган. Видеодо байкалып тургандай, турмуштан ажырашып келген 31 жаштагы келин өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип балдарды уруштуруп жаткан эжесин уруп салгандыгы байкалган.

Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 28-июнь күнү катталып, балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы келин өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды. Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.