Бир тууганынын паспорту менен Казакстанга кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү жайында башка бирөөнүн паспортун колдонуп Казакстанга кирүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы кыргызстандык 26 жаштагы жарандын паспортун көрсөткөн. Чек арачы алып жүрүүчүнүн сырткы көрүнүшү менен документтеги сүрөттүн ортосундагы дал келбестикти аныктаган. Кармалган жаран бир тууганынын паспортун мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн колдонгону аныкталган, анткени ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.