«Бири муунтуп, экинчиси бөйрөк тушка ургулап». Ысык-Көлдө унаа тартып алууга аракет кылган делип 2 жигит кармалды

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Түп РИИБге Каракол шаарынын 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эки белгисиз адам күч колдонуу менен унаасын тартып алууга аракет көрүшкөндүгүн, ал жеӊил унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып, оокат кыларын айткан. Окуя Каракол шаарында болгон. Болжол менен 20-25 жаш курактагы эки белгисиз бала анын унаасына олтуруп, Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан дачага жеткирүүнү суранышат. Түп районунун Михайловка айылынын түштүк тарабына жетип калганда, арткы олтургучта отурган балдардын бири, анын мойнуна жипти сала коюп муунтуп киргенде, экинчиси кабыргасы жана бөйрөк тушка колу менен ургулай башташат. Айдоочу күч менен муунтуп жаткан жиптен бошонуп, унаасын токтото калганда белгисиз балдар тышка чыга калышып, Михайловка айылын көздөй качып, из жазгырып кеткендигин билдирген.

Арыз Түп РИИБге катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган кылмышка шектелип, эки сааттын аралыгында 2 жаран кармалган. Алар Бишкек шаарына жол тосуп качып бара жатышкан. Алардын Бишкек шаарынын 20 жаштагы, Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну экени аныкталган. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта шектүү катары милицияга алынып келингендер өз күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Түп райондук сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.