Биринчи Май райондук соту Мелис Аспековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деп шектелип кармалган жарандык активист Мелис Аспековго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган соттон билдиришти. 

Адвокаты Аспековдун жүрөгүнө операция жасалганын түшүндүрүп, камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок арыз канааттандырылган жок.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 11-августта  Мелис Аспековдун жүрөк оорусу кармап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Ал эми сентябрь айында жүрөгүнө операция жасалган.