Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат. Соттук отурумга экс-депутат Равшан Жээнбеков да жеткирилди. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов залга алып келинген жок.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда. Соттук отурумга келгендердин саны көп.