Кечээ, 21-октябрда саат 17:30 чамасында Чүйдөгү Новопокровка айылындагы газоблок чыгарган жерде цистерна жарылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып чыгышты.
«Жарылуудан ичиндеги 2 киши 50 метрдей жерге ыргып кетти. Алардын бирөөсү биздин үйдүн чатырына түштү»,- деген окуянын күбөсү видео менен бөлүштү.
Чүй облустук милициясы маалымат берип, факт катталганын, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. Жерине барган милиция каза болгон жарандар 34 жана 61 жашта экенин аныкташкан. Учурда тергөө уланып жатат.











