6-октябрда Биринчи Май райондук соту «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаевди камакта калтырды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 16-октябрга чейин СИЗОдо болот.
Урмат Карыбаев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.











