Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун иши сотко өттү

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Соттук отурум 27-декабрда саат 11:00гө белгиленди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине борбордун Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Суракматов буга чейин кылмыш ишинин алкагында тергөө менен кызматташуу келишимин түзүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Мындан тышкары, ал тергөө учурунда Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча көрсөтмө берген. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун төлөгөн.