Бишкек — Кара-Балта жолун салууда 104 миллион сом кымырылганы аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан Транспорт министрлиги ишке ашырып жаткан 17 миллион 763 миң 85 доллар өлчөмүн түзгөн Бишкек — Кара-Балта автожолунун курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди. Анын жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кесепетинен мамлекетке 104 миллион 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.